реклама
super.kg logo

Жактоочу: "Тергөө Айзада Канатбекованын зордукталганын көрсөттү"

 

Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын зордукталганы аныкталды. Бул тууралуу Айзада Канатбекованын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.

"Мен силерге Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу өзүмдүн утурумдук маалыматымды сунуш кылам. Ушул күнгө карата Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Айзаданы ала качуу жана өлтүрүү боюнча кылмыш ишинин тергөөсүн бүтүрүп, аны сотко жөнөттү.

Маркум Замир Теңизбаев адамды уурдоо, өлтүрүү жана зордуктоого айыпталган. Тергөө Айзаданын зордукталганын көрсөттү. Анткени бул жөнүндө экспертиза белгилегендей, анын бетинде жана буттарында мындай учурларга мүнөздүү болгон дененин сыйрылгандыгы жана канталап көгөргөндүгү аныкталган.

Ала качуунун 5 катышуучусу дагы оор кесепеттерге алып келген адам уурдоого айыпталып жатышат. Тергөөчү жана прокурордун кеңешүүсүнөн кийин бул иш-аракетти "никелешүү максатында адам уурдоо" эмес, "адам уурдоо" катары сыпаттоо керек деп чечилген. Ошентсе да көптөгөн кемчиликтерге карабастан, тергөөчү бул ишти сотко жиберүүгө шашылды. Акылга сыйбаган бул иш-аракет дале болсо уланууда", - деп билдирген ал.

Окуянын чоо-жайы:

27 жаштагы Айзада 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада унаадан табылган.

Бишкек шаардык милиция кызды уурдоого шектүү алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирген.

Каза болгон кыз менен жигиттин сөөгүнө экспертиза дайындалды. Кийинчерээк Бишкек ШИИББинин жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, Айзаданын өлүмүнө шектелген жаран 6 жылдан ашык түрмөгө отуруп чыкканын, үй-бүлөсү бар экенин маалымдады.

Алгачкы маалыматтарга ылайык, Айзаданы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күч менен унаага салып кеткени тууралуу видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер реакция кылышкан эмес.

Буга байланыштуу Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өтүүдө.

8-апрелде Айзаданын сөөгү Балыкчы шаарында жерге берилди. Аны уурдоого шектелгендердин бардыгы кармалып, СИЗО-1ге камакка алынышкан.

30-апрелде Бишкек ШИИББи Айзада Канатбекованы уурдоо боюнча тергөө амалдары аяктап, иш сотко жөнөтүлгөнүн кабарлаган.






Ишкердин он жылдык эмгегин бир күндө көккө сапырган кол салуу

Автор: Ырыскелди Салбаров
Оператор: Чыңгыз Калбердиев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(4)
04.05.2021. 12:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
110
Катталган:
29-10-2020
Соӊку аракети:
11-05-2021 13:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Массалык зордуктоо болгону айдан ачык корунуп турбайбы.
04.05.2021. 14:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2202
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
11-05-2021 05:28
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошондо эле ойлогон болчумун,ушунча уурдап барып жон эле олтурбосо керек деп.
05.05.2021. 01:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
463
Катталган:
31-03-2016
Соӊку аракети:
10-05-2021 23:51
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанындагыларды да катуу жазалаш кк. Кызга эле жалко.
06.05.2021. 00:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1006
Катталган:
25-01-2016
Соӊку аракети:
11-05-2021 10:10
Жынысы:
Белгисиз
0
А эмне үчүн ошол убакта айтышпады, түштөн кийин ким ишенет. Кызды болсо давно көмүшкөн, бала да жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
167830;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: