Президенттин администрациясынын коллегиясында мамлекеттик органдардын ишин баалоо ыкмасы сунушталды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын коллегиясын өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Коллегиянын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын ишин баалоо ыкмасы сунушталды, андын негизги принциби катары бирдиктүү жоопкерчилик саналат.

Мындан ары тигил же бул иш-чараны аткарууга тартылган мамлекеттик органдар анын аткарылышы үчүн бирдей жоопкерчилик алат. Коллегияда Айыл чарба министрлигинин жана Энергетика министрлигинин ишмердүүлүгү каралды. Анда президенттин жарлыктарынын жана тапшырмаларынын, ошондой эле министрлер кабинетинин тапшырмаларынын 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата аткарылышы тууралуу маалымат берилди”, - деп айтылат маалыматта.

Министрлер кабинетинин төрагасы 2022-жылдын 10-декабрына чейин бардык аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишинин жыйынтыгы ушундай эле жол менен чыгарыла тургандыгын белгилеп, ар бир коллегиянын жыйынтыгы боюнча тийиштүү чаралар кабыл алынарын жана өкмөт менен президенттин аппараттары бириктирилгенден кийин жазуу жүзүндөгү гана эмес, оозеки тапшырмалардын да аткарылышын көзөмөлдөөгө кошумча мүмкүнчүлүк пайда болгонун белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан