Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы "Алтын балалык" реабилитациялык борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков кол койгон. Бейшеналиев кызматына 20-августтан баштап киришет.
Бүгүн, 19-августта президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулду.
Буга чейин Бейшеналиевдин аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан ага карата козголгон кылмыш иши кыскартылган.
Белгилей кетсек, Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда Башкы прокуратура тарабынан кармалган. Ага жети кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Президент Башкы прокуратура тарабынан коррупцияга шектелип кармалган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзүлгөнүн билдирген.
Андан кийин министр тергөө иштерине байланыштуу убактылуу кызматтан четтетилип, 1 айга СИЗОго камакка алынып, кийин кайра үй камагына чыгарылган. Жактоочу Алымкадыр Бейшеналиевдин ишинде материалдык чыгым табылбаганын билдирген.