Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын вице-мэри Нурлан Шаршеналиев ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна калаанын муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелери боюнча вице-мэри болуп Нурдан Орунтаев дайындалды. Буга чейин ал мэриянын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин директору болуп иштеген.
Ал эми Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин директору болуп Талант Рыскулбек уулу дайындалды. Буга чейин ал департаменттин башчысынын орун басары болуп эмгектенип келген. Тиешелүү буйруктарга шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.