Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Жайыл районунда жайгашкан "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын лабораториясын эл аралык стандарттагы заманбап жабдууларды сатып алып тапшырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Акылбек Жапаров ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу менен таанышып чыкты.
Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы мамлекеттик ишкананы алдыңкы технологияларга ылайык модернизациялоону, натыйжада толук өндүрүш цикли бар заманбап заводду негиздөөнү тапшырды. Атап айтканда, бардык аймакка асфальт төшөө, спирт сакталуучу кампаларда оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү, чыгаруу системасын жаңылоо, компьютерлештирилген башкаруу системасын түзүү тапшырмалары берилди.
Андан соң тиешелүү мамлекеттик органдарга жана ишканалардын жетекчилерине заводдун кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу, ошол эле учурда уникалдуу адистердин эмгек акысын төлөөнүн эселенген коэффициентин белгилөө мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу жана ата мекендик арак чыгаруучу жаңы линияны орнотуу боюнча өнөктөштөр менен ыкчам сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырылды.