Киевдин өкмөттүк кварталында жайгашкан мекемелердин кызматкерлерине 22-августтан 26-августка чейин үйдөн чыкпай иштөө сунушталды. Бул тууралуу өлкөнүн парламентиндеги жана өкмөтүндөгү булактарына таянуу менен “Украинская правда” басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, Киевдеги өкмөттүк кварталда парламенттин, президенттин кеңсеси, өкмөттүн, Украинанын Улуттук банкынын жана башкалардын имараттары жайгашкан. Кийинки аптада Украинада Желек жана Эгемендүүлүк күнү белгиленет. Буга байланыштуу Киевдеги бардык жолугушуулар жана иш-чаралар токтотулат.
Бул күндөрү Украинанын мамлекеттик мекемелеринин кызматкерлерине өкмөт кварталында мүмкүн болушунча азыраак болуу сунушталат.
20-августта Украинанын президенти Володимир Зеленський Орусия келерки аптада өзгөчө ырайымсыз аракеттерди көрүшү мүмкүн деп билдирген.