Талас облусунда дайынсыз болуп изделип жаткан 15 жаштагы кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 21-августтан бери Манас районунун Бала-Саруу айылында токойго эс алууга чыккан 15 жаштагы М.М. аттуу кыз дайынсыз болуп жаткан. Кыздын уюлдук телефону токойдон өткөн Талас суусунун жээгинде табылгандыгы тууралуу маалымат ӨКМнын "112" кызматына түшкөн.
Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө саат 07:20да Манас райондук №100 ӨКБдан 19 куткаруучу, ИИМден 38 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 45 адам тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында аты аталган жарандын жансыз денеси табылган.