Орусиядагы жол кырсыгы: Каза болгон мигранттардын сөөгү жүктөлгөн учак жолго чыкты

Орусиянын Ульяновск аймагында жол кырсыгынан каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн жүктөгөн учак жөнөп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгынан каза тапкан 14 кыргызстандык жарандын сөөгү атайын учакка жүктөлүп, жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:10до Кыргызстанга учуп чыккан. Алдын ала маалымат боюнча, учак 3 жарым саатта Ош шаарындагы аэропортко конору күтүлүүдө.

Ульяновск шаарына өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, президенттин администрациясынын, президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев, Орусиядагы Кыргызстандын консулу Манас Жолдошбеков жана элчиликтин өкүлү Доорбек Абдразаков жеринде болуп, тийиштүү иш-чараларды жүргүзүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан