Теңгиз Бөлтүрүк кызматынан бошотулду. "Кумтөрдө" мыйзам бузуулар аныкталды

Министрлер кабинети "Кумтөр" кенинин ишмердүүлүгү боюнча билдирүү жасады.

Маалыматта төмөндөгүлөр белгиленген:

"Бүгүн "Кумтөр" кенин иштеткен ишкананын ишмердигинде чоң өзгөрүүлөр болду.

«Кумтөр» толугу менен Кыргызстандын менчигине өткөндүгүнө байланыштуу ушул жылдын май айында Эсептөө палатасы тарабынан тийиштүү текшерүү жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар, атап айтканда күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш продуктулары, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатып алынгандыгы аныкталды.

Буга байланыштуу «Кумтөр» компаниясын буга чейин жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан четтетилди.

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомуна жаңы жетекчилер дайындалды.

Теңгиз Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөр мурасы» Улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калтырылды", - деп жазылат билдирүүдө.

Башкы прокуратура жалпы көзөмөл иретинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин, Ички иштер министрлигинин, Эсептөө палатасынын кызматкерлерин тартуу менен текшерүү иштерин баштады. Аталган текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча коомчулукка так маалымат берилет.

Бүгүнкү күндө кенде алтын казуу иштеринде эч кандай көйгөйлөр жок. Жылдык план толугу менен аткарылат. Быйыл 17, 5 тонна алтын казылып алынат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан