"Кумтөргө" жаңы жетекчи дайындалды

"Кумтөр Голд Компани" ишканасынын жетекчиси болуп Алмаз Барыктабасов дайындалды. Бул тууралуу маалыматты "Кумтөрдүн" басма сөз катчысы Назира Ахмедова тастыктады.

Ага ылайык, ал бүгүн эмгек жамаатка тааныштырылат.

Белгилесек, «Кумтөр» толугу менен Кыргызстандын менчигине өткөндүгүнө байланыштуу ушул жылдын май айында Эсептөө палатасы тарабынан тийиштүү текшерүү жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар, атап айтканда күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш продуктулары, тетиктер базар баасынан жогорку баада сатып алынгандыгы аныкталган.

Буга байланыштуу «Кумтөр» компаниясын буга чейин жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан четтетилген. Ошону менен катар Теңгиз Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөр мурасы» Улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калтырылган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан