Чүй облусундагы Ала-Арча суу сактагычына балык уулоого кетип дайынсыз болуп жаткан 51 жаштагы И.У.К. аттуу жаранды издөө иштери уланууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, суунун жээгинде анын кийимдери табылган.
Кечээ издөө жумуштарына ӨКМдан 8 куткаруучу, ИИМден кызматкерлер тартылган. Издөө иштери убактылуу токтотулган. Бүгүн, 25-августта издөө улантылат.