ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Жалал-Абад шаарынын тургуну кайрылып, шаардагы көчөлөрдүн биринде бир жарым айдан бери таштанды алынбай жатканына нааразы болгон. Окурман "Жусуп Шерматов көчөсүндө жайгашкан аялдамага жакын жерде таштанды алынбай турганына 1 жарым ай болду. Мындан улам андан чыккан жагымсыз жыт адамдардын ден соолугуна зыян тийгизүүдө", - деген.
Окурмандын кайрылуусу боюнча Жалал-Абад шаардык мэриясына байланышканыбызда, аталган даректеги таштандылар тазаланганын билдиришти.