Американын Moderna фармацевтикалык компаниясы Pfizer жана BioNTech компанияларын алардын технологиясын коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыгуу үчүн колдонгон деп айыптап, сотко берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
"Бул доо арызды биз ойлоп тапкан, миллиарддаган доллар инвестициялаган жана COVID-19 пандемиясына чейинки он жылдыкта патенттеген инновациялык mRNA технологиялык платформасын коргоо үчүн берип жатабыз. Алар биздин ойлоп табууларды уруксаты жок, мыйзамсыз колдонууну улантууда", - деген аталган компаниянын башкы директору Стефан Бансел.