Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркиядан кайтып келип, “Алтын балалык” реабилитациялык борборунун жетекчилик кызматын аркалоодо. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына өзү тастыктады.
“Түркияга иштер менен 2 күнгө эле барып келдим. Азыр "Алтын балалыкта" кызматымды аркалап жатам. Мен жок болсом бул жактагы ишти ким кылат? "Алтын балалыкты" дагы жабуу аракети болгон, мен жаптырбай алып калдым”, - деди ал.
Эске салсак, Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда Башкы прокуратура тарабынан кармалган. Андан кийин министр тергөө иштерине байланыштуу убактылуу кызматтан четтетилип, 1 айга СИЗОго камакка алынып, кийин кайра үй камагына чыгарылган. Жактоочу Алымкадыр Бейшеналиевдин ишинде материалдык чыгым табылбаганын билдирген. 16-августта Бейшеналиевдин аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан ага карата козголгон кылмыш иши кыскартылган. 19-августта саламаттыкты сактоо министри кызматынан бошотулуп, ошол эле күнү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы "Алтын балалык" реабилитациялык борборунун директору болуп дайындалган.