Нагима Ашималиева 1985-жылы 26-сентябрда Чолпон-Ата шаарында төрөлгөн. Учурда Бостери айылында жашайт. 2003-жылы Аман Мамытов атындагы мектеп-лицейин аяктап, Бишкек шаарындагы азыркы Кыргыз экономикалык университетине тапшырып, бухгалтердик эсеп жана аудит тармагын окуган. Техникумду аяктаган соң 2008-жылдан баштап 2014-жылга чейин Ички иштер министрлигинин академиясында кенже инспектор болуп иштеп, андан сырткары ал академияда сырттан беш жыл окуган.
"Атам көп жыл аскердик комиссариатта иштеген. Прапорщик болчу. Өзү милиция кызматкери болом деп бирок боло албай калган экен. Атамдын көзү өткөн, жаш кезимде милиция кызматкери боло албай калдым деп көп айта берчү, мен болбосом да балдарым болот деп тилек кылчу. Атамдын кыялын орундатканыма ыраазы болом. Учурда бир тууган сиңдим милициянын майору, мен болсо милициянын капитанымын.
Балдардын иштери боюнча инспекциясында 2018-жылдан бери иштеп келем. Өзүмдүн жумушумду абдан жакшы көрөм. Биздин жумушта кызыктуу окуялар көп болот.
Милициянын каттоосунда турган жашоо шарты начар үй-бүлө бар болчу. Ошол үй-бүлөнүн эң улуу баласы дайыма үйүнөн качып кете берчү. Бир качат, эки качат, бала менен сүйлөшсөм такыр сүйлөшпөй көзүнүн үстү менен карап, аны менен диалог түзүү мүмкүн болчу эмес.
Апасы менен сүйлөшүп, эмнеге качып кете берет деп көпкө ойлонуп жүрдүм. Бала менен кантип тил табышсам, үй-бүлөгө кантип жардам берсем деп ойлонуп отуруп мектебине бардым. Ал жактан сабагына катышып, сабакта өзүн кандай алып жүрөрүн байкап отурдум. Апасынан коркуп же үйдүн улуусу болуп, жашоо шарты оор болуп жаткандыктан качып жатабы деп ойлодум.
Мектептен дагы карасам классташтары менен сүйлөшпөгөн түнт бала экен. Кийин кайра ойлонуп апасына дагы бардым. Ага балдарын карашып, жашоосуна аралашканга аракет кылдым. Анын ишеничине кирүү оор болду, бирок акыры бир аз убакыт өткөн соң апасы ачылып, сырларын бөлүшө баштады. Азыр дагы апасы экөөбүз жакшы мамиледебиз, аны жумушка орноштурууга да жардам бергем. Жолдошу болсо Алматы шаарына иштегени кетип ошол боюнча келбей койгон. Беш баласын жалгыз багат.
Азыр ал дүкөндө кассир болуп иштейт. Бала менен да дос болуп алганбыз. Баягыдай түнт бала жок, ачылып, мени көргөндө жакшы учурашып турат. Достору пайда болуп алар менен чогуу ойноп, көздөрү жайнап бактылуу. Ал үй-бүлөгө кандайдыр бир жакшы таасир эте алдым деп ойлойм.
Дагы бир окуя кеч күздө орун алган. Жумуштан кетип бараткан элем, жолдо жүрсөң дагы өспүрүмдөрдү карай бересиң кайда баратат, эмне кылып жатат деп. Кеч күүгүм болуп калган убак, карасам үч өспүрүм талааны көздөй кетип баратышыптыр. Мен бир нерседен шекшидим да дароо кичи автобустан түшүп, дөңчөлөргө жашынып аларды карап, байкап турдум. Эки саат аралыгында бири-бирин күтүп турду. Мен алар эмне жөнүндө сүйлөшүп жатышканын жакшыраак угайын деп жакыныраак жылып баратып дөңчөдөн кулап түштүм.
Чочуп кетип тура калсам балдар мени байкабаптыр. Айылдын 30 чакты баласы чогулуп, ары жактан шаардын 50-60тай балдары чогулуп келип мушташканы жатыптыр. Мен чыга калып алар менен сүйлөшүп, тынч тарап кеткиле деп кол алыштык. Эртеси ал тентек балдарды атайын активист болушсун деп парламентке коштум. Кийинчерээк мектептер ортосунда достук пайда болду. Бири-бирин конокко чакырышып, концерт уюштуруп катышып калышты. Ал балдар азыр мектепти аякташкан, алардын ичинен эки бала ИИМдин академиясына тапшырды.
Азыркы өспүрүм балдар менен сүйлөшүү өтө оор. Алардын ишенимине кирүү дагы аябай оор иш. Жогоруда айтып өткөндөй окуялар көп катталат. Биз жашоо шарты начар үй-бүлөлөрдүн жана мигранттардын балдарына көңүл буруп, жардам берип турганга аракет кылабыз. Жакында эле жетекчилигибиздин жана айылдын ардагеринин демилгеси менен балдарга окуу куралдарын алып бердик. Алардын кубанганын көрүп өзүбүз дагы кубандык", - деди ал.