
Эртең Бишкек шаарынын мектеп директорлугуна тестирлөө өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Анда 30-август күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Бишкек шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына компьютердик тестирлөө өтөрү айтылат. Бишкек шаарынан талапкерлердин документтерин кабыл алуу 26-августта аяктаган.
Талапкерлерди тандоо бир нөөмөттө өтүп, сынак саат 8:00дө башталат. Каттоо саат 7:30да, ал эми апелляциянын башталышы 16:30да болот. Борбор калаа боюнча жалпы 62 бош орун бар экени айтылды.