Бишкекте өтө турган футбол оюнуна байланыштуу эртең айрым көчөлөр жабылат

Бишкекте эртең өткөрүлүүчү футбол оюнуна байланыштуу айрым көчөлөр жабылат. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, саат 14:00дөн тартып, 23:00гө чейин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жанындагы көчөлөр жабылат. Тагыраагы Тоголок Молдо көчөсү түндүктү карай Чүй проспектисинен тартып, Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү, ал эми Фрунзе көчөсүнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып, Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Кайгуул кызматы айдоочулардан жол эрежесин сактап, каттамдарын алдын ала пландап алууну суранат. Беттеш учурунда борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун коопсуздугун укук коргоо органдары жана кайгуул кызматы камсыздайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан