Бишкек шаарына "Город-312" тобу келди

29-августта Бишкек шаарына “Город -312” тобу келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашты.

Билдирүүдө айтылгандай, аталган топ 30-августта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтө турган Кыргызстандын футбол ардагерлеринин курама командасы менен КМШ өлкөлөрүнүн оюнчуларынын курама командасынын футбол боюнча жолдоштук беттешине расмий конок катары келди.

Программа боюнча алар кыргызстандыктарды жана футбол сүйүүчүлөрдү келе жаткан Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап, ата мекендик эстарда жылдыздары менен биргеликте концерттик программа тартуулашат.

Белгилей кетсек, буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстандын ардагерлер курама командасынын курамында КМШ өлкөлөрүнүн ардагерлер курама командасына каршы оюнга чыга тургандыгы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан