Буга чейин социалдык тармактарда Баткен шаарындагы "Жаштык" эс алуу багында 3 миллион сомго даараткана курулуп жаткандыгы боюнча маалымат тараган. Баткен шаардык мэриясы бул тууралуу түшүндүрмө берди.
Маалыматка караганда, аталган эс алуу бакта эки кабаттуу санитардык тейлөө комплекси курулуп жатат.
"Бул имаратта чач тарач, кир жуучу жай, химиялык тазалоочу жана жуунуучу жайлар болот. Ошондой эле ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн да атайын жай каралган. Ал эми имараттын 1-кабатына даараткана жайгаштырылат. Долбоордун жалпы суммасы 3 миллион сомду түзөт", - деп айтылат маалыматта.