Садыр Жапаровдун катышуусундагы футбол: Бишкекте бир нече көчө жабылат

Бүгүн борбор калаада Кыргызстан жана КМШ ардагерлеринин футбол боюнча беттешине байланыштуу айрым көчөлөр жабылат. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Анда саат 14:00дөн тартып 23:00гө чейин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жанындагы көчөлөр жабылары айтылат.

"Тоголок Молдо көчөсү түндүккө карай - Чүй кең көчөсүнөн тартып Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Фрунзе көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат", - деп жазылат маалыматта.

Кайгуул кызматы айдоочулардан жол эрежесин сактап, каттамдарын алдын ала пландап алууну суранат.

Беттеш учурунда борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун коопсуздугун укук коргоо органдары жана кайгуул кызматы камсыздайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан