Шаардыктардын коопсуздугу жана борбор калаанын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу максатында мыйзамсыз туташкан зымдарды кесүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май районунун акиминин орун басары Чыңгыз Байсов "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасы менен биргеликте мыйзамсыз тартылган зымдарды текшерүүгө алган.
"Бул жолу Эмен сейил багындагы зымдар алынды. Негизинен мыйзам бузуулар батуттардын электр жарыгына, ошондой эле балмуздак жана суусундуктарды сатуучу жайлардын уруксатсыз туташууларына байланыштуу болуп саналат. Жалпысынан 200 метрди түзгөн кабель алып салынды", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле мэрия шаардыктардан баш аламан абалдагы зымдарды жана кабелдерди байкаса, колл-борборунун 1840, 1850 кыска номерлерине чалууну, ошондой эле WhatsApp 0554 182 185 номерине сүрөт жана видеолорду жөнөтүүнү суранат.