SUPER.KG порталынын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Үч-Коргон айылынын тургуну кайрылып, Шамалды-Сай - Кербен жолундагы оңдоо-түзөө иштерине нааразычылыгын билдирген. Ал "Шамалды-Сай - Кербен жолунда оңдоо иштери жүрүп жатат. Бирок сапатсыз. Аталган жол стратегиялык маанидеги жол. Буга ким жоопкерчилик алат? Эртең эле бир жолу жамгыр жааган соң кайра мурунку абалына келет", - деген.
Жогорудагы маселе боюнча Аксы райондук жол тейлөө кызматына байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдиришти.
Алардын айтымында, видеодо көрсөтүлгөн чуңкурлар оңдоп-түзөө иштери жаңы башталып, жумуш жасалып бүтө элек учурда тартылган.
"Кербен-Үч-Коргон жолундагы чуңкурларды оңдоо иштерин жасайлы деп жатканбыз. Ошол жерде айылдын эки тургуну келип, ишибизге жолтоо болуп, жасала элек чуңкурларды видеого тартып алышкан.
Биз деле жолдогу чуңкурларды тазалап, битум куюп анан асфальт басабыз. Бизде деле жоопкерчилик бар. Аталган тургундарга жумушту түшүндүрүп, ишибизди уладык", - деп билдиришти мекемеден.