Байге фонду 3 миллион сом. Бишкекте бүйүр кызыткан кыргыз-казак айтышы өтүүдө (сүрөт)

Бүгүн, 30-августта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында кыргыз-казак эл аралык айтышы өтүүдө.

Айтыш Эгемендүүлүк күнүнө жана Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, Эл артисти, төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына арналып уюштурулган.

Айтышта алып баруучулук кызматты Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо аркалап жатат.

Иш-чаранын башталышында зал толгон коноктор жапа тырмак орундарынан туруп, шатырата кол чабуулар менен Кыргыз Эл артисти, төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгы менен куттукташты.

Айтышта акындардын жуптары чүчү кулак кармоонун негизинде аныкталды. Биринчи жуптар Азамат Болгонбаев менен казак акыны Сагыныш Смет айтыш курууда.

Айтышка мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер, өнөр адамдары жана айтышты сүйгөн калк күбө болууда.

Таймашка катышкан акындар:

Кыргыз акындары: Баян Акматов, Чыңгызхан Кожошов, Жеңишбек Жумакадыр, Акматбек Султан уулу, Асылбек Маратов, Азамат Болгонбаев, Мамбеттокто Мамбеторозо, Амантай Кутманалиев.

Казак акындары: Сырым Ауэзхан, Сагыныш Смет, Биржан Байту, Аспанбек Шугатаев, Айтпай Жумагулов, Данияр Алдаберген, Мурадым Мирланов, Алтынбек Ибрагимов.

Иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук “Манас” театры жана Республикалык “Айтыш” коомдук фонду уюштуруп жатат.

Белгилей кетсек, айтыштын байге фонду 3 миллион сомду түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан