Бүгүн, 30-августта таңкы саат 04:57де Баткен шаарынын Кызыл-Дөң кварталындагы Токтогул көчөсүндө жайгашкан сарай өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, тилсиз жоо менен күрөшүүгө 2 бөлүм тартылып, жанаша жайгашкан сарайга өткөн өрт таңкы саат 05:40та чектөөгө алынды. Өрт өчүрүүчү куткаруучулардын ыкчам аракети менен саат 06:07де толугу менен өчүрүлгөн.
Тилсиз жоонун жалпы ээлеген аянты 145 чарчы метрге жетип, 15 даана шифер, 90 чарчы метр темир лист, 11 даана торсун, 23 даана айырмач (стропила), 100 метр рейка, 32 даана стум, 30 метр сарап, 40 килограмм өрүк как, 61 даана таңгакталган тоют чөп, 5 портер көлөмүндө өрүк отун өрттөлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Бактыга жараша, адам өмүрүнө зыян келген эмес жана жабыркагандар жок.