Орусиянын Екатеринбург шаарында өз апасы 300 миң рублга сатмакчы болгон бала балдар үйүнө жөнөтүлдү. Бул тууралуу баланын өгөй атасынын билдирүүсүнө таянып, орус басылмалары жазып чыгышты.
Анда 7 жаштагы бала балдар үйүнө өткөрүп берилип, учурда документтер түзүлүп жатканы айтылат.
Өгөй атасына бала менен сүйлөшүүгө жана көрүшүүгө тыюу салынган. Баланын психикалык жактан абалы жакшы экенин билдирген. Ошондой эле ал аялынын мындай аракетине дагы деле нес абалда экенин айткан.
Белгилей кетсек, буга чейин Орусиянын Екатеринбург шаарында Н.А. аттуу Кыргыз жараны 7 жаштагы уулунун органдарын интернет аркылуу 300 миң рублга сатууга аракет кылганы кабарланган.
Анда укук коргоо органдары тарабынан 36 жаштагы келинге Орусия Федерациясынын Кылмыш кодексинин негизинде (жашы жете элек баланы сатуу) кылмыш иши козголуп, ал 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экени айтылган.