Молдовановкадагы №1 түзөтүү мекемесинде эгемендүүлүк майрамына карата иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага 2-батальондун ардагерлери жана кызмат өтөгөн жергиликтүү түзөтүү мекемелеринин жетекчилери катышты.
"Иш-чарага жаш жоокерлердин туугандары жана жакындары конокко келишкен. Алар уулдары менен аңгемелешип, мындан тышкары, звенонун кызматы, турмуш-тиричилиги, тамак-ашы менен таанышып, абдан кубанышты.
Ошондой эле акцияга “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун жарандык активисттери катышып, чогултулган китептерди аскер кызматкерлерине тапшырышты", - деп жазылат маалыматта.
Иш-чара аскер кызматкерлери, эстрада ырчылары жана бийчилеринин катышуусундагы концерт менен жыйынтыкталды.