Кыргыз-казак айтышында финалга чыккан акындар (тизме)

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан эл аралык кыргыз-казак айтышында 8 акын финалга чыкты.

Анда төкмө акындар Асылбек Маратов, Баян Акматов, Жеңишбек Жумакадыр, Мамбеттокто Мамбеторозо, Айтпай Жумагулов, Аспанбек Шугатаев, Данияр Алдаберген, Алтынбек Ибрагимов айтыштын финалына жолдомо алышты.

Акындар кыргыз-казак элинин ынтымагы, достугу, Эгемендүүлүктүн мааниси, ошондой эле азил аралаш бүйүр кызыткан айтыш курушту. Ал эми өнөр аздектеген калк акындарды колдоп, сүрөп отурушту.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо айтышта алып баруучулук кызматты аркалады.

Айтыш Кыргыз өлкөсүнүн Эгемендүүлүк күнүнө жана Кыргыз Эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына арналып уюштурулуп жатат.

Иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук “Манас” театры жана Республикалык “Айтыш” коомдук фонду биргеликте уюштурган.

Белгилей кетсек, айтыштын байге фонду 3 миллион сомду түзөт. Айтыштын финалы эртең, 31-августта өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан