Акылбек Жапаров этностук жана диний жамааттарды биргелешип жигердүү иш алып барууга чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан элдер ассамблеясынын кеңешинин мүчөлөрү жана конфессиялык бирикмелердин жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Акылбек Жапаров этностук жана диний жамааттардын алдынкы өкүлдөрүн өлкөдөгү биримдикти, тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоо мамлекеттик саясаттын эң маанилүү милдети экенине токтолуп, Кыргызстандын көп улуттуу элинин турмушун жакшыртуу жана жаштарды тарбиялоо жаатында биргелешип жигердүү иш алып барууга чакырды.

"Өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсү үчүн элибиздин биримдигине негизделген кызматташуу жана жаратман эмгек керек. Өлкөбүздө жашаган этносторубуздун ортосундагы мамилени чыңдоо, жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү мамлекеттик деңгээлдеги эң маанилүү максаттардын жана милдеттердин бири болуп саналат", - деп белгиледи Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан