Бүгүн, 31-августта Чуңкурчак жайлоосунда Эгемендүүлүк күнү жана Байтик баатырдын 200 жылдыгына карата майрамдык иш-чара башталды.
Байтик баатырдын күмбөзүндө анын арбагына багышталып куран окулду. Ошондой эле баатырдын урпактары анын жасаган эрдиктерин эскерди.
Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Чуңкурчак жайлоосунда мамлекеттик туу көтөрүлдү. Анын узундугу 31 метрди түзөт.
Аталган саамалыкта келген коноктордун саны көп экендигин көрүүгө болот. Ал эми милиция кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөп жатышат.