1-сентябрдан тарта мектептерде апта башында жана аягында гимн жаңырат

1-сентябрдан баштап жалпы билим берүү уюмдарында окуу жуманын башында жана аягында мамлекеттик гимн жаңырат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Ага ылайык, тиешелүү чечимге билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кол койгон.
"1-сентябрдан баштап өлкөдөгү жалпы билим берүү уюмдарында окуу жуманын башында жана аягында, ошондой эле салтанаттуу, тарбиялык, конкурстук иш-чараларды уюштурууда мамлекеттик гимнди аткаруу киргизилет", - деп жазылат маалыматта.
Мындай жөрөлгөнүн максаты - балдардын улуттук, мекенчилдик жана жарандык аң-сезимин калыптандыруу жана бекемдөө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан