Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мурдагы өлкө башчынын социалдык тармактагы расмий баракчасында жарыяланды.

"Сиздерди Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү менен куттуктайм!

Бул күн - кылымдар бою күрөшүп жүрүп, эркиндикке жетип, өз мамлекеттүүлүгүбүз кайра жаралган күн. Ата-бабаларыбыз мураска калтырып кеткен керемет жерибизге өзүбүз толугу менен ээ болгон күн. Тарыхы терең, көрөңгөлүү кыргыз калкым, көп улуттуу элибиз эгемендигин дүйнөгө жар салган күн.

Коомдо ар кыл көз караштар, кайчы пикирлер болушу мүмкүн. Бирок мекенибиздин эгемендиги дегенде баарыбыз бир эл, бир журт катары чоң күчпүз. Тарыхтын татаал сыноолорун биримдик менен гана жеңдик, тоскоолдуктардан ынтымак менен өттүк. Мекенибиз бирөө – ал Кыргызстаныбыз! Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок!

Өлкөбүздүн келечеги кең болсун! Ар бир үйдө тынчтык, мамлекетибизде өнүгүп-өсүү, улуттар аралык ынтымак болсун! Мамлекеттүүлүгүбүздү бир үй-бүлөдөй сактайлы. Майрамыңыздар менен!", - деп айтылат куттуктоодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан