Кыргыз-казак айтышынын финалында 8 акын ат салышууда (фото)

Бүгүн, 31-августта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында XV эл аралык кыргыз-казак айтышынын финалы өтүүдө.

Иш-чаранын башталышында Кыргыз Эл артисти, төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин өнөр жолун баяндаган даректүү тасма көрсөтүлдү.

Андан соң Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Парижден видеокайрылуу жасап, Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгы менен куттуктады.

Казак акыны Балгынбек Имаш калыстар тобу мүчөлөрүнүн катарында отургандыктан, суранычтар боюнча сахнага чыгып бир шиңгил ыр төгүп өттү.

Кечээ, 30-августта айтыштын жарым финалдык таймашы орун алып, 4 кыргыз, 4 казак акыны финалга жолдомо алган. Алар:

Кыргыз акындары:

  • Асылбек Маратов
  • Баян Акматов
  • Жеңишбек Жумакадыр
  • Мамбеттокто Мамбеторозо

Казак акындары:

  • Айтпай Жумагулов
  • Аспанбек Шугатаев
  • Данияр Алдаберген
  • Алтынбек Ибрагимов

Айтыштын финалдык бөлүгүндө акындардын жуптары чүчү кулак кармоонун негизинде аныкталды. Биринчи жуптар казак акыны Аспанбек Шугатаев менен Жеңишбек Жумакадыр бүйүр кызыткан айтыш курууда.

Айтыш Кыргыз өлкөсүнүн Эгемендүүлүк күнүнө жана Кыргыз Эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына арналып уюштурулуп жатат.

Иш-чараны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук “Манас” театры жана Республикалык “Айтыш” коомдук фонду биргеликте уюштурган. Акындардын финалдык таймашында алып баруучулук кызматты Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо аткарууда.

Белгилей кетсек, айтыштын байге фонду 3 миллион сомду түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан