Кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен бир катар өкмөт башчылары куттукташты

Бир катар мамлекеттердин өкмөт башчылары министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чехиянын премьер-министри Петр Фиала, Шри-Ланка демократиялык социалисттик республикасынын премьер-министри Динеш Гунавардена, Азербайжандын премьер-министри Али Асадов, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов, Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин куттуктоо телеграммаларын жөнөтүшкөн.

Анда премьер-министрлер Акылбек Жапаровго чың ден соолук, бакыт жана жооптуу ишмердигинде ийгиликтерди, ал эми бир тууган Кыргызстан элине тынчтык, бакубатчылык жана өнүгүүнү каалашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан