"Аялын сабагандыгы үчүн кызматтан алынган". Ош ОИИБи президентке кайрылган мурдагы кызматкери боюнча маалымат берди

Ош ОИИБи мурдагы кызматкери Чубак Сыргабек уулу аялын сабагандыгы үчүн кызматынан четтетилгендигин билдирди. Облустук милициянын басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына социалдык тармактарда тараган видео кайрылуусу боюнча текшерүү жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 11-июль күнү Кара-Суу РИИБине Фуркат айылынын тургуну, 28 жаштагы Ш.А. күйѳөсү Чубак Сыргабек уулу 10-июль күнү саат 16:00 чамаларында ѳз ара пикир келишпестиктен улам өзүн жана 3 жаштагы уулун уруп, денесине залал келтиргенин айтып, арыз жазган.

Аталган арыз боюнча сотко чейинки ѳндүрүш иши башталган. Жабырлануучуларга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, алардын жаракат алганы аныкталган.

Тергѳѳнүн жүрүшүндѳ шектүү Чубак Сыргабек уулу Араван РИИБинин кызматкери экендиги аныкталган. Ички иликтѳѳ кызматы жүргүзгөн кызматтык иликтѳѳнүн жыйынтыгында укук коргоо органдарынын талаптарын одоно түрдѳ бузганы үчүн жумуштан айдалган. Азыркы учурда Чубак Сыргабек уулу кайрадан укук коргоо органдарынын катарына кайтуу үчүн сот органдарына кайрылган. Учурда соттук кароо улантылууда. Ал эми соттун чечими боюнча Ош ОИИБинин башчысы Жеңишбек Абитовдун иш бѳлмѳсүнѳ келгендиги такталган жок. Ошондой эле Абитовду каралоолор боюнча учурда текшерүү иштери уланууда”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ, 30-августта интернет айдыңында ички иштер органдарынын мурдагы кызматкери Чубак Сыргабек уулу Ош ОИИБинин башчысы Жеңишбек Абитов аны мыйзамсыз иштерди аткарууга буюруп, айтканын аткарбаган соң кысым көрсөтүп жатканын айтып президент Садыр Жапаровго жасаган кайрылуусу тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан