Кечээ, 31-августта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында эл аралык кыргыз-казак айтышынын финалы болуп өттү. Байге фонду 3 миллион сомду түзгөн айтыштан фоторепортаж тартуулайбыз.
Бишкекте өткөн эл аралык айтышта баш байге Жеңишбек Жумакадыр жана казак акыны Айтпай Жумагуловго ыйгарылды.
Белгилесек, 30-август күнү айтыштын жарым финалдык таймашында 4 кыргыз, 4 казак акыны финалга жолдомо алган.
Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү. Эл аралык айтыш Кыргыз Эл артисти, төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгы жана Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган.