“Жаратылышы көз жоосун алат”. Чуңкурчактагы салтанат туристтердин көзү менен (сүрөт)

Бүгүн, 31-августта Чуңкурчак жайлоосунда Эгемендүүлүк күнү жана Байтик баатырдын 200 жылдыгына карата майрамдык иш-чара өтүп жатат.

Бул салтанатка өлкөнүн жети дубанынан коноктор келишкен. Мындан тышкары ондогон чет өлкөлөрдөн келген туристтер да бар. Алардын бири Түркиядан келген Духа Бейзанур Акхан бул саамалык мыкты деңгээлде өтүп жатканын айтты.

“Биз бул жакка мелдеш үчүн келгенбиз. Баары сонун, жагып жатат. Түркияда да ушундай майрамдык иш-чаралар өткөрүлчү, бул жак менен окшоштуктары бар экен”, - дейт ал.

Ал эми өзүн ырчымын деп тааныштырган австралиялык турист Кыргызстанга алгачкы ирет келгендигин билдирди.

"Бүгүн Кыргызстандагы биринчи күнүм. Бул өлкөнүн маданияты, каада-салт, меймандостугу, анан, албетте, жаратылышы жакты. Бүгүнкү салтанат жогорку деңгээлде өтүп жатат. Маданиятына аябай кызыктым", - деди ал.

86 жаштагы апасын бүгүнкү иш-чарага атайын Алайдан алып келген Ниязбек Абдыкадыров төмөнкүлөргө токтолду.

“Атайын бул иш-чарага 86 жаштагы апам менен Алайдан бери келдик. Майрам абдан мыкты деңгээлде даярдалыптыр. Баарын кыдырып чыгып, суктанып, сыймыктанып отуруп калдык. Мурунку иш-чаралардан оюн-зооктун көптүгү менен айырмаланат экен. Байтик баатыр жөнүндө да көп нерсени билип алдык”, - дейт ал.

Чуңкурчактагы салтанат туристтердин көзү менен
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан