Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев репрессия курмандыктарын эскерүү күнүнө арналган иш-чарада СССР бийлиги республиканын эгемендүүлүгүн талап кылган 100 миң өзбекти репрессияга салганын айтты. Бул тууралуу маалымат өзбек президентинин расмий сайтына жарыяланды.
"Эгемендүүлүккө жетүү оңой болгон жок. Эгемендүүлүккө 31 жыл мурун жеткени менен чоң аталарыбыз 100 жылдан ашык убакыт мурун аракет кылышкан. 100 миң мекендешибиз репрессияга учурап, 13 миң мекендешибиз аёосуз атылды. Эмнеге? Анткени алар биздин эң чоң баатырларыбыз, улуттун байлыгы болгон. Алар 2-3 тилди билишчү. Алар биздин мекенибизди азаттыкка үндөп, гүлдөп-өстүрө алаарын түшүнгөн", - деген Мирзийоев.
Өзбек президенти мамлекеттин исламды жаңылоо, өлкөнүн аймактык автономиясы, тең шайлоо укугу жана парламентаризм үчүн кыймылдын катышуучулары болгон жадиддерге карата аракеттерин белгиледи.
"Өзүңүздөр билесиздер, тоталитардык режим жадидчилерди талкалоо менен эле чектелбей, өткөн кылымдын 80-жылдарында миңдеген мекендештерибизди ар кандай шылтоо менен түрмөгө камап, куугунтукка алган", - деп кошумчалаган ал.