Бүгүн, 1-сентябрь транспорт, турак үй жана үй жанындагы жер участогуна салыкты төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.
Билдирүүдө айтылгандай, аталган мекеме салыкты төлөй элек жарандарды бүгүн салык милдеттенмесин аткарууга чакырат.
Салыкты банктардын кассаларынан, почта бөлүмдөрүнөн, ошондой эле төлөм жана POS-терминалдарынан, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр аркылуу төлөөгө болот.
Кеңири маалыматты 116 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.