Мамлекеттик ишмерлер Апас Жумагулов жана Медеткан Шеримкуловго "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы мамлекеттик ишмерлер Апас Жумагулов жана Түрк мамлекеттеринин уюмунун аксакалдар кеңешинин мүчөсү Медеткан Шеримкуловго ыйгарылды. Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.