Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары сессияга чогулуп, ачылыш болду.
Ачылышта министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров куттуктоо сөзүн айтып, аткарылган иштерге кыскача токтолуп кетти.
Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Акылбек Жапаровдон 19 тонна алтын боюнча маалымат сурады.
"Акылбек Үсөнбекович куттуктоо айтты деп маалымат айтылды. Мен отчёт берди го деп ойлоптурмун. Кыска суроого жооп берип койсунчу, 19 тонна алтын өлкөдөн чыгып кетти деген маалымат туурабы же туура эмеспи?", - деп суроо берди Шайлообек Атазов.
"Эми биз бир жылдык отчётубуз менен келебиз. Экинчи сессияда сиздерде мени далай жолу чакырып, далай жолу суроо бергенге мүмкүнчүлүк болот. Ал эми алтын боюнча сиздерге так жооп берүүгө даярбыз. Анан айрым маалымат агенттиктерге бири-бирибизди тукуруп, алтындын тегерегинде чырдашып калсын дегенге жол бербейбиз. Бизде так маалымат бар, алтын оюнчук эмес да. 1 миллиграммына чейин эсеби бар", - деди Жапаров.