"Ала-Тоо" аянтынан майрамдан соң 4 тоннадан ашык таштанды чыгарылды

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтынан Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөн иш-чарадан соң жалпы 4 тоннадан ашык таштанды чыгарылды.

Шаардык муниципалитеттен кабарлангандай, тазалоо иштерине жалпы 60 кызматкер, 8 атайын техника анын ичинен 5 таштанды чыгаруучу жана 3 жолду жуучу техника тартылган.

Майрам учурунда аянтка жалпы таштанды салуучу 20 пластик челек жана 20 даана биодааратканалар орнотулган.

Ошондой эле "Тазалыктын" кызматкерлери сахнаны, тосмолорду орнотушкан.

Эскерте кетсек, 2021-жылы 31-августта да аянттан жалпы 4 тоннага жакын таштанды чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан