Бүгүн, 1-сентябрда саат 15:00дөн 18:00гө чейин кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пункту убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
"Бул аралыкта тышкы миграцияны каттоонун бирдиктүү тутумунун техникалык базасын жаңыртуу иш-чаралары жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында башка өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат.
Чек ара кызматы мамлекеттик чек араны кесип өткөн жарандардан өз маршрутун алдын ала пландап алуусун өтүнөт.