"Ыйлап жатышат". Депутат Нуржигит Кадырбеков парламентте мигранттардын маселесин көтөрдү

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков бүгүн, 1-сентябрда жаңы ачылган сессияда мигранттар маселесин көтөрдү.

Депутат алгач Эгемендүүлүк күнүнө карата куттуктоо сөзүн айтып, мигранттар боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылды.

"Мигранттардын 3-сентябрга чейин мөөнөтү бар экен, эгер 3-сентябрдан өтүп кете турган болсо, ал жакта чоң көйгөйлөр башталат экен. Мурда билесиздер бир жылга каттоого туруу 5000-7000 миң рубль болчу. Азыр үч ай сайын каттоону жаңылаш керек экен. Ошондон улам чек арадан өтүп, анан кайра киребиз деп жатып 14 адамыбыз шейит кетти.

Үч айда бирден каттоого туруу дагы оңой эмес. Азыр эмгек келишими боюнча тургузат экен. Азыр эмгек келишими же каттоосу жоктор метро, коомдук транспорт менен жүрө албай, такси менен жүрүп кыйналып жатыптыр. Миллиондогон мекендештерибиздин баары эмгек келишимин түзө албайт.

Урматтуу министрлер кабинетинин төрагасы, Тышкы иштер министрлигине, миграция департаментине тапшырма берсеңиз. Тез арада чечишсин, бизден эмне жардам керек болсо баарын кылалы. Мигранттарыбыз ыйлап жатышат", - деди Нуржигит Кадырбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан