Кинорежиссёр Болотбек Шамшиев каза болгондон кийин “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы ыйгарылды

Кинорежиссёр Болотбек Шамшиевге каза болгондон кийин “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти.

"Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы кинорежиссёр, сценарист Шамшиев Болотбек Төлөновичке ыйгарылды", - деп айтылат маалыматта.

Болот Шамшиев 2019-жылдын 21-декабрында каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан