Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун жарлыгынын негизинде бир катар инсандар "Манас" ордени менен сыйланды. Бул тууралуу президенттик администрациясы кабарлайт.
Маалымдалгандай, сыйлыктар Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери жана өлкө эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгына байланыштуу ыйгарылды.
Төмөндө "Манас" ордени менен сыйланган инсандардын тизмеси:
I даражадагы “Манас” ордени менен:
- Аскаров Атакул – пенсионер;
II даражадагы “Манас” ордени менен
- Пазылов Асанбай Табанович – “Пүлгөн Жаңы-Жер” коомдук бирикмесинин төрагасы, Кадамжай району, Баткен облусу;
III даражадагы “Манас” ордени менен:
- Азыкбаев Курмангазы Айылчиевич – композитор, музыкант, “Кыргыз Республикасынын музыка ишмерлер союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү;
- Асейинов Мукун Асейинович – пенсионер, “Кыргызстан дипломаттары” коомдук бирикмесинин мүчөсү;
- Баюми Саид Мохамед Елсаид – “Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы” коомдук бирикмесинин президенти;
- Жанузаков Канат Чыныбаевич – Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин спорт илимдери факультетинин деканы;
- Камчыбеков Акылбек Арстанович – “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун “Таш-Көмүр ГЭСтеринин каскады” филиалынын директору;
- Матубраимов Алмамбет – пенсионер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин I, III чакырылыштарынын депутаты;
- Мусакожоев Шайлобек – профессор Шайлобек Мусакожоев атындагы Инновациялар академиясынын ректору, М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин улуттук инновациялык экономиканы түзүү жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн начальниги;
- Осмонов Кыргызбай Арапбаевич – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору;