"10 миңден ашык унаа". Чуңкурчактагы майрамдык иш-чарага канча адам барганы айтылды

Кечээ, 31-августта Чүй облусунун Чуңкурчак жайлоосунда өткөн иш-чарага 40 миңден ашык жаран катышып, 10 миңден ашык унаа барды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, милиция кызматкерлери 30-августтан 1-сентябрга чейин күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөштү.

Өлкө боюнча ички иштер органдарынын 10 миң кызматкери тартылып, укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүшкөн.

Эске салсак, аталган жайлоодо чоң майрам өтүп, Эгемендүүлүк күнү жана Байтик баатырдын 200 жылдыгы белгиленген. Ага президент Садыр Жапаров, биринчи айым Айгүл Жапарова, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, экс-президент Сооронбай Жээнбеков жана башка бийлик өкүлдөрү катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан