Бүгүн, 1-сентябрда Бишкектеги Алтын-Ордо жаңы конушунда 480 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен кабарлашты.
Ачылыш аземге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев катышкан.
Алтын-Ордо конушундагы 480 орундуу жаңы мектептин аянты 3521 квадрат метрди түзөт. Мектептин имараты 3 кабаттуу.
Жаңы окуу жылына карата 11 жаңы билим берүү объектиси эксплуатацияга берилди. Алардын ичинен 5и мектеп. Быйыл республикада жалпы 2340 мектеп билим берип баштайт.
Салтанаттуу линейкадан кийин окуучулар үчүн "Кыргыз жараны — жарандардын биримдигинин негизи" темасында биринчи сабак өтүлдү.
Белгилей кетсек, быйыл республика боюнча 1-класска 160 миңден ашуун бала барат. Жалпы окуучулардын саны - 1 миллион 300 миң. Ал эми мугалимдердин саны – 82 миң 724.