Бишкектин Көк-Жар конушундагы №88 мектеп Япония өкмөтүнөн компьютер алды (фото)

Бүгүн, 1-сентябрда Бишкек шаарындагы К.Бобулов атындагы №88 мектепке Япония өкмөтү тарабынан каржыланган долбоордун алкагында 11 комплект компьютер жана COVID-19 кесепеттерин алдын алуу үчүн санитардык каражаттарды тапшырды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, аталган мектептеги салтанаттуу линейка IT-канасынын ачылышы менен коштолду. Ага билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов, Япониянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Шигеки Маэда, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн орун басарынын милдетин аткаруучу Томоя Сонода катышты.

Анын жүрүшүндө мектептин бүтүрүүчүлөрүнөн атактуу программисттер жана мыкты адистер чыксын деген тилектер айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан