Бишкек-Лахор-Бишкек багыты боюнча туруктуу аба каттамы ачылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан маалымдашты.
Билдирүүдө айтылгандай, авиакомпанияга караштуу учак Пакистандын эң ири шаарларынын биринде 2022-жылдын 30-августунда конду.
Белгиленген багыт боюнча туруктуу авиакаттам биринчи жолу ачылып жатат. Каттам жумасына бир жолу – шейшемби күндөрү аткарылат.