Чуңкурчак жайлоосунда өткөн майрамдык иш-чарадан кийин 7 тоннадан ашык таштанды чогултулду. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн тастыкташты.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 1-сентябрда Чуңкурчак жайлоосунда майрамдык иш-чара өткөрүлгөн аймакты таштандыдан тазалоо үчүн ишембилик уюштурулган. Ишембиликке президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратты жана Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы катышкан.
Мындан тышкары жайлоого ишембилик өткөрүү үчүн эки таштанды ташуучу жана бир суу себүүчү унаа тартылган. Жыйынтыгында Чуңкурчак жайлоосунан 7 тоннадан ашык таштанды чогулган.